Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу
Аймак
Ош облусунун аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу

Ош облусунун аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу. COVID-19 дубандын аймагында 217 жарандан аныкталган. Мунун 175и илдетти жеңип чыкса, 4 жаран каза тапкан. Учурда 38 бейтап ооруканада дарыланууда. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин маалыматына ылайык, 30дан ашык өндүрүш ишканасы ишин улантып, экспорт жанданды. 

Дубандын аймагындагы 18 көмүр кенинин 12си иштеп жатат. Ал эми дыйканчылык карантин учурунда да үзгүлтүккө учураган эмес. Кылкандуу дан эгиндеринин асты бышып калды. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында дубандын аймагындагы төрт чек ара бекетинин экөөндө оор жүк ташуучу унаалардын каттоосуна тыюу салынган эмес. Жүк ташууда санитардык талаптар тыкыр көзөмөлдө турат, бул үчүн атайын эреже иштелип чыккан.

"Алсак, айдоочуларды дароо текшерүүгө алып атабыз, анализдеринин жыйынтыгы чыккыча алар атайын тиркеме аркылуу көзөмөлдөнүп турат. тийиштүу тармактар менен тыгыз, биргеликте иш алып баруудабыз, вирустун сырттан кирүу коркунучун эске алуу менен дагы да болсо, жарандарыбыз өз саламаттыгына сак болуусу кажет",- деди Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев.