Жаңылыктар
КТРКнын өздүк берүүлөрү эки эсе көбөйүп, контенти жакшырды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын өздүк берүүлөрү эки эсе көбөйүп, контенти жакшырды

Коомдук телерадиокорпорациянын өздүк берүүлөрү мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көбөйүп, контенти жакшырды. КТРКнын камтуу аймагын кеңейтүү, кабыл алуунун сапатын арттыруу максатында алгылыктуу иштер аткарылган. 

Ошондой эле Россиянын биринчи каналы, “ТҮРКСАТ” спутниктик телекомпания менен келишим түзүлүп, натыйжада “Ала-Тоо 24” каналы Түркия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чейин көрсөтүлүүдө. Москва шаарында “Ала-Тоо 24” каналынын кабарчылык бөлүмү ачылгандыгы да жалпыга маалым. 

Жасалып жаткан иштер туурасында КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Байкоочу Кенештин курамына айтып берди. Жылдык отчётко ылайык, бардык расмий салтанаттар, Шанхай кызматташуу уюмунун мамлекет жетекчилеринин кеңеш жыйыны, анын алкагындагы жыйындар, маанилүү жолугушуулар жана Турдакун Усубалиевдин 100, Саякбай Каралаевдин 125, Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы боюнча жалпы улуттук маанидеги мааракелик иш-чаралардын бардыгы эфир аркылуу чагылдырылып турду. Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясынын 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү боюнча башкы директордун жыйынтык отчёту Байкоочу кенештин курамы тарабынан колдоого алынды.