Россиянын Ички иштер министрлиги менен иштешкен эксперттер эмгек мигранттарынын «социалдык ишеним рейтингин» эсептей турган тиркеме түзүүнү сунушташты. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги билдирди.
Мигранттар үчүн тиркемени колдонуу милдеттүү болушу мүмкүн. Ал мигранттын социалдык-укуктук макамы, ден соолугу, укук бузуулары жана кылмыштары тууралуу маалыматтарды чогултушу керек болот.
Агенттик белгилегендей, «Мигрант» деп атала турган тиркемени орнотуудан баш тарткан жарандын рейтинги автоматтык түрдө төмөндөтүлөт.
Коронавирус эпидемиясы башталганга чейин Россияда тогуз миллиондон 11 миллионго чейин мигрант иштечү. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү божомолуна ылайык, 2024-жылга чейин Россиянын калкы мигранттардын эсебинен гана көбөйүшү мүмкүн.
Жарандардын рейтингин түзүү системасы Кытайдын бир катар аймактарында иштейт. Система көптөгөн маалыматтарды анализдеп, тургундарга билет сатып алууга, билим алууга, мамлекеттик кызматка жана социалдык колдоого жетүүгө мүмкүндүк берет. Бул системаны жергиликтүү жана чет өлкөлүк укук коргоочулар сындап келишет.