Жаңылыктар
Жаңы номурлар бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы номурлар бериле баштады

Бүгүнтөн тарта автоунаалар үчүн жаңы үлгүдөгү номерлер бериле баштады. Ага байланыштуу мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарындагы алгачкы кардарга салтанаттуу түрдө жаңы номерди тапшырды.  Каттоо кызматы жаңы номурлар коопсуз шаар долбоорун ишке ашырууга көмөкчү болуп, дүйнөлүк стандартка жооп берээрин билдирүүдө.

Унаа үчүн номурларды чыгара турган жабдык анча деле чоң эмес. Орточо бөлмөнүн бир бурчун гана ээлейт. Бирок анын кубаттуулугу чоң. Каттоо кызматы ушул жабдык менен өлкөнү толук камсыздайбыз деп жең түрүнүп ишти баштады.

Эски номурлар качан гана анын ээси жаңы номурга өтмөйүнчө жарактуулугун жоготпойт. Бирок биринчи күндөн тарта эле алмаштыргысы келгендердин катары калың. Каттоо кызматы муну кызыгуулардын саны алгачкы күндөрү көп болоору менен түшүндүрөт.

Андыктан баарын тейлеп алгыча төрага Тайырбек Сарпашев да номур алмаштырууну кийинки планга калтырыптыр.