Жаңылыктар
Ош: мал базарлар карантиндик-санитардык талаптарды сактаганда гана ачылат
Аймак
Ош: мал базарлар карантиндик-санитардык талаптарды сактаганда гана ачылат

Ош облусунун аймагындагы мал базарлар карантиндик-санитардык, ветеринардык талаптарды сактаганда гана ачылат. 

Атайын комиссия көзөмөлдөйт, эгер талаптарга жооп берсе июнь айынан баштап ишемби, жекшемби күндөрү иштеп баштайт. Мал базардын кире беришинде адамдар топтолбошу керек жана мал бир иретке коюлуп сатылууга тийиш. 

Ал эми соодалашуу аралыктан жана салтка айланып калган кол алышуусуз жүргүзүлүүгө тийиш. Санитардык талаптарды сактабагандарга айып салынат. Өзгөчө кырдаал режиминде сатуучулар кардарларын мобилдик тиркеме же мессенджерлер аркылуу тейледи.