Жаңылыктар
Акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүч. Өзбекстанда күн катуу ысыды
Дүйнө
Акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүч. Өзбекстанда күн катуу ысыды

Өзбекстандын аймагында күн катуу ысып, ушул күндөрдө абанын температурасы 35-39 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн түштүк аймагында 39-40 градус, айрым чөлдүү жерде 44 градуска чейин күн ысыды, - деп билдирет «Узгидромет» метеорологиялык кызматы. 

Адатта Өзбекстанда май айынын аягында аба ырайы мынчалык ысыбайт. Ташкентте май айында абанын катуу ысышы 1902-жылы катталып, анда 39,9 градуска жеткен. Ал арада Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун эскертүүдө. 

Аталган уюм май айынын ортосунда 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр - тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.