"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому авиакаттамдар аткарыла баштаганда жүргүнчүлөрдү эрте келүүгө чакырат. Буга чейин өкмөт Бишкек — Ош авиакаттамын жандандырууга уруксат берген. Коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан карантиндик чектөөлөрдүн жеңилдеши менен 8-июндан баштап кайра штаттык режимде иштеп баштайт.
Компаниянын маалымат кызматы акыркы абалга байланыштуу аэропорттун имаратына жашы жете элек балдары бар жүргүнчүлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар билети менен гана кире ала тургандыгын түшүндүрүүдө. Кире бериштен жарандардын дене табы текшерилет. Компания өкүлдөрү адамдарды имараттын ичинде бет кап кийип жүрүүнү сунуштоодо.