Жаңылыктар
Өлкө аймактарындагы калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар (тизме)
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймактарындагы калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар (тизме)

Өлкөдөгү калктын аярлуу катмарына ушул күнгө чейин берилген жардамдар боюнча өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымат берди.


Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөөлөрдүн саны 106 764. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326 сомду түздү.


Ош облусу боюнча 103 157 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 557 200 сомду түздү.


Чүй облусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана демөөрчүлөр менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө. Аймак боюнча 80 395 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 426 000 сомду түздү


Жалал-Абад облусу боюнча жардамга муктаж үй бүлөөлөрдүн саны 93 Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 26 070 867 сомду түздү.




Баткен облусу боюнча 33 724 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 151 000 сомду түздү.


Ысык-Көл облусу боюнча жалпысынан 40 миң 131 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 1 076 660 сомду түздү.


Нарын облусу боюнча 30 869 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 883 500 сом болду.


Талас облусу боюнча 12 159 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсотулүп, облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 436 735 сомду түздү.