Жаңылыктар
Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды - Кыргызстан жаңылыктары
Кырсык
Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды - Кыргызстан жаңылыктары

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 10:25те катталып анын очогу Ош облусунда байкалып күчү 5 баллга жеткен. Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4 жарым балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Көк-Жаңгак шаарында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле Чүйдүн Кемин районунда бүгүн, таңкы 05:27 силкинүү күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Ильичевск, Кичи-Кемин айылдарынан 5 чакырым түштүк-чыгыш жагынан орун алган. Силкинүү күчү Ильичевск, Кичи-Кемин, Советское айылдарында – 3,5 балл, Бейшеке, Кайыңды – 3 балла, Кемин, Орловка – 2,5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.