Жаңылыктар
Мекендештерди өлкөгө кайтаруу уланууда - Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара
Мекендештерди өлкөгө кайтаруу уланууда - Кыргызстан жаңылыктары

POST#RIGHTРоссиянын Екатеринбург шаарынан 233 кыргызстандык Ош шаарына учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Аба каттамы менен оор илдети бар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кичинекей балдары бар аялдар, кош бойлуулар, кары адамдар, жашоодо оор кырдаалга туш болгон жарандар кайтарылган. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык аймагындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле жарандардын мындан мурда "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын билетин сатып алып, бирок аба каттамдын болбой калгандыгы эске алынган. Учуп келген жарандардын баары обсервацияга жаткырылды. Мекенине кайтып келүүнү каалаган чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер уланууда.