Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяга байланыштуу Боронов Баткен облусуна кетти
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяга байланыштуу Боронов Баткен облусуна кетти

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусуна кетти. Анда ал Кадамжай районундагы Чечме айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугат. 

Биринчи вице-премьер-министр кыргыз-өзбек чек арасында чектеш чыккан окуяга байланыштуу укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт. Кубатбек Боронов ошондой эле чек арага чектешкен эки өлкөнүн айыл элинин ортосунда чыккан чатак боюнча Өзбекстандын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушат. 

Учурда абал жөнгө салынды. Кыргызстандын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.