Жаңылыктар
Жугуштуу илдеттер ооруканасы обсервацияга жабылды - Кыргызстандын жаңылыктары
Ден соолук
Жугуштуу илдеттер ооруканасы обсервацияга жабылды - Кыргызстандын жаңылыктары

Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы бейтап толуп калгандыктан, обсервацияга жабылды. Бул тууралуу мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, бейтаптарды кабыл алуу толугу менен токтотулуп, оорукана учурда обсервациялык тартипте гана иштеп баштады. Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат. Учурда Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын башкаларга жугузган учурлары көбөйө баштады. Кыргызстанда 30-майга карата коронавируска чалдыккандардын саны жалпысынан 1722ге жетти. Алардын ичинен 16 бейтап жашоо менен кош айтышса, 1113 бейтап айыккан.