"Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунда коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 49 жаштагы активдүү мүчөсү кармалды.
Такталган маалыматтар боюнча, ал экстремисттик уюмдун эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгон. Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылып, алынды. Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Азыркы убакта кармалган адамды мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, белгиленген тартипте шериктеш тиешелүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.