Жаңылыктар
Дели - Бишкек каттамы менен Индиядан кыргызстандыктар келди - Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештер
Дели - Бишкек каттамы менен Индиядан кыргызстандыктар келди - Кыргызстан жаңылыктары

Бүгүн Бишкекке "Air India" авиакомпаниясынын Дели - Бишкек каттамы менен чартердик учак келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган каттам менен Индия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстандын 16 жараны учуп келди. 

Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды. Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.