Жаңылыктар
Кыргыз өкмөтү тарабынан Россиядагы мекендештерге жардам көрсөтүлүүдө
Мекендештер
Кыргыз өкмөтү тарабынан Россиядагы мекендештерге жардам көрсөтүлүүдө

Бүгүнкү күндө Москва шаарындагы бир катар мейманканаларда орундар мигранттарга толгон. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Ушул жеңил эмес күндөрдө кыргыз өкмөтү кол сунуп, карантинде оор абалга туш болгондорго тамак-ашы менен калкалоочу жай сунуштады.

Бул мейманканада 104 мекендешибиз жашап жатат. Алардын арасында кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, оорулуулар менен кары-картаңдар бар. Бардыгынын мекенге кайтууга болгон жүйөлүү себеби бар.

Мында жайгаштырылгандардын чыгымы кыргыз өкмөтү тарабынан Россиядагы мекендештерге жардам катары бөлүнгөн каражаттан сарпталууда.

Өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражатка баш калкалоочу жайдан сырткары, тамак-аш азыктары да сатылып алынууда.

Биздин башка мекендештерди элчилик диаспора менен биргеликте Москва шаарынын чет жакасындагы мейманканага жайгаштырып, чыгымдарын толук төлөгөн. Кыргыз мамлекети тарабынан бөлүнгөн каражат бул жакка да багытталууда. Мындагы кош бойлуу, жаш балалуу аялдар менен оорулуулар, кары-картаңдар жакынкы уюштурула турган каттамдар менен мекенге кайтмакчы.