Жаңылыктар
Боронов Кадамжай районундагы айылдардын жашоочулары менен жолугушту
Чек ара
Боронов Кадамжай районундагы айылдардын жашоочулары менен жолугушту

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун айыл тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошту. 

Кубатбек Боронов Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди. Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. Ал ошондой эле тургундардын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты. Тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.