Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы - Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара
Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы - Кыргызстан жаңылыктары

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы окуядан жабыркагандарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет: Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик-тажрыйбалык борборуна окуянын кесепетинен жаракат алган жалпы 25 жаран келип түшкөн. 

Учурда жабырлануучулардын төртөө ооруканада. Эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, операциядан кийинки бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Эки жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары орточо оор. Бардыгы тең тиешелүү дарыланууда. Калган 21 жаран баштапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Жабыр тарткандар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз болушкан. 

Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог жана травматолог дарыгерлер жөнөтүлгөн. Алар кесиптештери менен биргеликте жаракат алгандарга жардам көрсөтүшүүдө.