Жаңылыктар
Учкучтардын биринен коронавирус аныкталып, учак артка кайтарылды
Дүйнө
Учкучтардын биринен коронавирус аныкталып, учак артка кайтарылды

Дели шаарынан чыккан учак Өзбекстанга жетип калганда кайра Индияга артка кайтарылды. Анын себеби учкучтардын биринен коронавирус табылгандыктан, Дели шаарынан Москвага багыт алган Air India жүргүнчү ташыган самолёт артка кайтууга аргасыз болгон. 

"Борттогу учкучтардын биринен алынган анализ анда коронавирус бар экенин көрсөткөндүктөн, авиакомпания учакты артка кайтарууга аргасыз болгон", — деп айтылат маалыматта. Бул учкучтарды текшерип жөнөткөн команданын күнөөсү экени айтылды. 

Анткени алар учкучтун анализи таза чыкты деп жаңылып, каттамга чыгуусуна уруксат беришкен.