Жаңылыктар
Президент "Мээрим" теледолбоорунун катышуучулары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент "Мээрим" теледолбоорунун катышуучулары менен жолугушту

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын «Мээрим» теледолбооруна катышкан ата-эне камкордугунан ажыраган балдар менен жолугушту. Өлкө башчысы балдар менен жакындан баарлашып, аларга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады. Балдар Президентке келечектеги кыялдары тууралуу да айтып беришти.

Жанымдагы балдар тагдырдын татаал сынына эрте кабылгандар. Ар биринин башында турмуштун чоң сыноосу турат. Бирок ага карабай ар биринин жүзүндө күлкү. Ууртунан жылмаюу тамган бөбөктөрдүн минтип кубанганынын жөнү бар. Биринчиден бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү, экинчиден балдар азыр эле президент менен жолугуп чыгышты. Өспүрүмдөр өлкө башчы менен жолукканын толкундануу менен айтып беришүүдө.

Президент менен жолуккан балдардын бири толкунданганын айтса, бири сүрдөгөндүктөн даярдаган суроосун унутуп калганын айтууда. Бөбөктөрдү баарынан кубантканы өлкө башчы берген белек болду. Эсиңиздерде болсо өткөн жылдын соңунда өлкө башчысы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын уюштуруп, анда дал ушул бөбөктөрдү атактуу адамдар менен жолуктурган «Мээрим» теле долбоорунун алып баруучусу да президентке сунуш менен кайрылган болчу. Бир кезде айтылган убаданын убакыт сааты чыгып, бүгүнкү майрам күнгө туш келди окшойт. Президент балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аны менен жолугууну каалаган бөбөктөрдү кабыл алды. 

Жолугушуу абдан жылуу маанайда өттү десек болот. Президент бөбөктөр менен жакындан баарлашып, алар кызыккан суроолорго жооп берди. Балдар да өлкө башчыдан тартынбай, алдыга койгон пландары, максаттары, келечекте тандай турган кесиптери тууралуу айтып беришти. Президенттин бала кездеги кыялына да кызыгып көрүштү. 

Президенттин күнүмдүк иши ар бирибизди кызыктырат. Өзгөчө балдарга абдан кызык сезилет эмеспи. Андыктан өспүрүмдөр өлкө башчынын иш графиги тууралуу, алдыга коюлган милдеттери жөнүндө да сурап үлгүрүштү. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жумушу жана ошондой эле жакындары жөнүндө айтып берди. Өлкө башчысы аларды келечектеги кесибин туура тандоого чакырып, санариптешүү жөнүндө сөз кылды. Балдарга заманбап технологияларды терең өздөштүрүүнү каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутта калтырбаш керек деди.