Кыялдар орундалат Бугун Жети дубандын жакшы окуган балдарына олко башкысынын белегине болушту. Жаркын келечек үчүн билим алууга аракет кылган, кыял, үмүттөрү чексиз балдардын кубанычы.
Мамлекет башчынын белегине ээ болгон дагы бир өспүрүм Жолдошбек.
Келечекте ашпозчу болууну максат кылган Жолдошбек Таластын Кең-Арал айылынан. Анын изги тилектерине тирек болуп, бактылуу балалыгы үчүн жан үрөгөн инсан - чоң апасы Айчүрөк. Ал жалгыз уулу менен келинин удаа мезгилсиз жоготкондон кийин неберелерине ата-эненин мээримин берип чоңойтуп келет. Улууларын үйлөнтүп, эми ушул кенже небересин тарбиялап жатат. Жолдошбек Бишкектеги жатак мектепте окуйт.
Бош убактыларында таяэнесинин жанынан чыкпай андан узчулук өнөрдү үйрөнүүгө дилгир Тахмина Талантбек кызы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектептин алдыңкы окуучуларынын бири. Китеп, билим дегенде ак эткенден так этип, ошого жараша ар кандай сынактарда алдына эч кимди чыгарбайт. Эми ал үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганы турат.
Мамлекет башчынын белегинин дагы бир ээси Ысык-Көл облусунун үп районунун Сары-Тологой айыланын тургуну Айдарбек Орозбай уулу. Ал Эгембердиев атындагы орто мектепте 10-класста окуйт. Окуудагы жетишкендиктери жакшы. Ата-энесинен эрте ажырап, азыр ага-жеңесинин колунда. 2016-жылы коомдук биринчи каналдын “Мээрим” долбооруна катышып, жеңүүчү аталган окуучуга өлкө башчынын куттуктоосун облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев жеткирди.
Өлкө башчысынын белеги алыскы Лейлек районунун Катраң айылындагы мектеп окуучусу Тойчубек Шариповго да тапшырылды. Өзгөчө белекти алган өспүрүмдүн кубанычында чек жок. Тойчубек мамлекет башчысынан белек алам деп эч ойлобогонун айтат. Ал келечекте ардактуу кесиптин ээси болуп, адамдарга жардам берүүнү максат кылат. Санарип доорунда жаңы технологияларды үйрөнүүгө өбөлгө болгон мамлекет башчынын сыйлыгы ар бир баланын үмүтүн актасын.