Жаңылыктар
Бар бол, балалык
Кыргызстан жаңылыктары
Бар бол, балалык

Атайын белекке Чүй боорундагы социалдык жактан жардамга муктаж жана ата-энеси жок балдар да ээ болушту. Мындай иш-чаралар дубанда майрам күндөрү гана эмес, атайын белгиленген пландын негизинде такай аткарылып келет.

Бала кезинен окууга ынтызар Айдана чоңойгондо да агартуучулук кесипти аркалап калуусу мүмкүн. Азыртадан эле өзүнөн кичүүлөргө сабак өтүп, кызыктуу жомокторду окуп берип, алган билимин аларга үйрөтөт. Жайкы эс алуунун алгачкы күнү башталса да колунан китеп түшпөйт.

Айдананын мындай аракетчил жана боорукер экенин тилекке каршы анын ата-энеси көрбөй кетишти. Төрөлгөнүнө 3 ай болгондо апасы, андан бир жыл өтпөй атасынан айрылган. Ошондон бери Айдана атасынын бир тууганынын колунда тарбияланууда.

“Булар 4 кыз болгон, Айдана кичүүсү. 3 айынан баштап биздин колубузда калды. Ушул тапка чейин биздин колдо. Кыз деген жакшы экен өз балабыздай кылып тарбиялап жатабыз”.  9-класска көчкөнү менен Айдана дагы деле балалык кыялдан арыла элек. Таң эртелеп келген күтүүсүз белектердин биринен сала экинчисин кайра-кайра карап, кубанычы койнуна батпай турду.

Чүй облусунда быйылкы балдарды колдоо жылына карата атайын мерчемделген иш-чаралар такай өтүп турат. Бала бакчаларда жана мектептерде, ошондой эле маданият үйлөрүндө балдар үчүн ийримдер уюштурулган.