Жаңылыктар
Ар бир бала мээримге бөлөнсө...
Кыргызстан жаңылыктары
Ар бир бала мээримге бөлөнсө...

Мамлекет башчынын белегин алгандардын катарында Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү мекемелеринин тарбиялануучулары да бар. Арслана “Давха” мектеп-комплексинин 8-классынын окуучусу. Ал жакшы окуйт. Бир нече сынактарга катышып, байгелүү орундарды жеңип келген. Бүгүн өлкө башчынын атынан ноутбук алып жатканына кубанып турат. 

Ушундай эле белек SOS Балдар айылынын 7-классынын окуучусу Сезимге да тапшырылды. Келечекте программист болгусу келген кыз үчүн ноутбук абдан чоң белек болду.  Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында билим берүү фондунун эсебинен КТРК нын “Мээрим” долбооруна катышкан ата-эне мээриминен ажыраган жалпы 20 балага ноутбук берилди.