Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолундагы кооптуу жерлердеги карды аттыруу башталды
Өзгөчө кырдаал
Бишкек-Ош унаа жолундагы кооптуу жерлердеги карды аттыруу башталды

Бишкек-Ош унаа жолунда  карды аттыруу жолу менен түшүрүү  иштери  башталды. Аталган жолдун  121-138 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 13- 20-январга  чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары башталды.

Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинен  кабарлашкандай,  кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан сааттарда Бишкек-Ош унаа жолунун айрым участкаларында жол убактылуу жабылат.