Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен Вьетнам социалисттик республикасынын ортосундагы эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Мындай макулдашууга былтыр май айында экономикалык биримдикке кирген мамлекет башчыларынын Казакстанда жолугушуусу учурунда кол коюлуп, тиешелүү мыйзам быйыл 25-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документ 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат.