Жаңылыктар
Маданият министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн ыкмасында жүргүзөт - Кыргызстан жаңылыктары
Маданият
Маданият министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн ыкмасында жүргүзөт - Кыргызстан жаңылыктары

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн ыкмасында жүргүзөт. Ага ылайык, министрге кайрылууну каалаган бардык жарандар 0701 701 581 WhatsApp номерине билдирме калтыруусу зарыл.

Ошондой эле каттын аягында өзүнүн жеке WhatsApp номерин да жазып коюшу керек. "Ар бир кайрылуу министр Азамат Жаманкуловдун жеке көзөмөлүндө болуп, видеочалуулар ар жуманын шаршемби күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Министрлик бир дагы кат жоопсуз калбай тургандыгын кошумчалады.