Жаңылыктар
Кытайда бир сутка ичинде 5 адамдан коронавирус аныкталды
Дүйнө
 Кытайда бир сутка ичинде 5 адамдан коронавирус аныкталды

Кытайда бир сутка ичинде беш адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал эми дагы он адамдан илдеттин эч кандай белгилери байкалбай өткөн. 8 адам айыгып, ооруканадан чыкса, каза болгондор катталган жок.

Вирус катталган жарандардын баары сырттан келгендер. Белгилей кетсек Кытайда коронавирусту 83 миң 22 адам жуктуруп алса, алардын 78 миң 315и айыккан. 4 миң 634 адам каза болгон. Учурда дүйнөгө тараган коронавирус алгач Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин божомолдошкон. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Жер жүзүндө коронавирус инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны ушул учурда 6 миллиондон ашты.