Жаңылыктар
Дени сак улут - күчтүү мамлекет
Ден соолук
Дени сак улут - күчтүү мамлекет

Бүгүн Улуттук филармонияда "Ден соолук үчүн 70 жыл. Заманбап медицинанын актуалдуу суроолору" - аттуу юбилейлик илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

Жыйын Президенттин иш башкармалыгы менен өкмөткө караштуу клиникалык оорукананын 70 жылдыгына карата уюштурулду. Ага биринчи айым Раиса Атамбаева, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев баш болгон коноктор, республика аймагынан келген жана чет өлкөлүк дарыгерлер катышты. 

Анда оорукананын 70 жыл аралыгындагы жетишкендиктери тууралуу сөз болуп, азыркы илимдеги жаңы ачылыштар менен кошо калктын ден соолугун чыңдоого кошкон салымы баса белгиленди. 

Президенттик аппараттын атынан мааракенин ээлерин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев куттуктады.