Жаңылыктар
Коомдук каналдын тарыхында өзгөчө орду бар "Замана" студиясы 25 жашка толду
УТРК жаңылыктары
Коомдук каналдын тарыхында өзгөчө орду бар "Замана" студиясы 25 жашка толду

Бүгүн, КТРКнын "Замана" студиясы 25 жашка толду. Ар таңда телекөрүүчүлөрдү ойготуп, аларга сергек маанай тартуулаган "Замана" 1995-жылдын 2-июнунда алгачкы эфирин алып чыккан. Чыгармачыл дарамети, кесиптик-интеллектуалдык чеберчилиги, түз эфирде талкууланган өзөктүү маселелер, алтургай эфирдик студиянын жасалгасы, алып баруучулардын сүйлөгөн сөзү, кийген кийими да чейрек кылымдан бери көрөрмандардын сынында. 


25 жыл - адам өмүрү менен ченесек, акылы жетик, алган багытын салмактап алган куракка жетүүдө артында оор түйшүк, күжүрмөндүк жана чоң жоопкерчилик турган мезгил.


Телекөрүүчүлөрдү ойготуп, аларга көнүлдүү жана сергек маанай тартулоо - бул “Замана” студиясынын жамаатынын башкы максаты - дейт программанын алып баруучусу Атахан Кожогулов. Убактысынын көбүн телеге арнаган алып баруучу үчүн - “Замана” биринчи үйү болуп калганын айтат.

“Замана” менен жашташ Алина аталган теле көрсөтүүнүн эң жаш алып баруучусу. Азыркы тапта “Замана” улуу муундагы адамдар эле эмес, жаштар да калтырбай көргөн телекөрсөтүүсүнө айланды дейт, ал.

Эсиңизде болсо, эң алгачкы көрсөтүүнү Динара Кодуранова менен Алмаз Абдраев алып барып, студиянын тушоосу кесилген. Андан бери “Замана” көптөгөн чыгармачыл адамдарды тарбиялап чыгарды. Азыр да минтип жаңы жүздөрдү көрөрмандар менен тааныштырууда.