Жаңылыктар
Кыргызстандын мыкты тигүүчүлөрү
Экономика
Кыргызстандын мыкты тигүүчүлөрү

Эртеңден тарта борбор калаада EXPO "Made in Kyrgyzstan" деп аталган эл аралык көргөзмө башталып, ага жергиликтүү 55 компания катышат. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти. 

3-4-июнда өтө турган эл аралык көргөзмөнүн максаты - тигүү тармагында сапаттуу иштеген жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аларды эл аралык деңгээлге алып чыгуу. 

Мындан сырткары, өнөктөштөрдү таап жана жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө инвестиция тартуу. Уюштуруучулар көргөзмөнүн өзгөчөлүгү - ага катышкан жергиликтүү ишканалар эл аралык рынокко багыт алгандар экендигин айтышты. 

Иш-чара Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.