Жаңылыктар
Бишкектин “Туңгуч” кичи районундагы жаңы бала бакча бөбөктөр үчүн эшигин ачат
Билим
Бишкектин “Туңгуч” кичи районундагы жаңы бала бакча бөбөктөр үчүн эшигин ачат

Жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын “Туңгуч” кичи районунда салынган жаңы бала бакча бөбөктөр үчүн эшигин ачат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген. Бул акыркы он жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынган биринчи бала бакча. Жаңы имаратты күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков көрүп чыгып, өлкө башчысы өсүп келе жаткан муундун тарбиясынан Кыргызстандын келечеги көз каранды экенин белгиледи.