Жаңылыктар
УКМК: Саймаити "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн
Коррупция
УКМК: Саймаити "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн

Айеркен Саймаити "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн. Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди. Анын айтымында, Айеркен Саймаити "Азаттыктын" журналисттерин жалдап, аларга 100 миң төлөгөнү тууралуу факттар бар. 

Анын билдиргени боюнча, ал факттар эки күбөдөн алынган. Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү менен байланыштуу болгонун же болбогонун аныктай элек. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, түрк тарап ал маселе боюнча маалымат бере электигин билдирди.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитини ал кафеде отурган кезде атып кетишкен.