Жаңылыктар
Канттагы авиабаза жайгашкан жер Кыргызстандын менчиги - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Канттагы авиабаза жайгашкан жер Кыргызстандын менчиги - Кыргызстан жаңылыктары

Канттагы Орусиянын авиабазасы турган жер кыргыз тарапта калат. Бул туурасында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, Орусиялык авиациялык база өлкө аймагына 2003-жылы жайгашкан. 2012-жылдын сентябрындагы эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, бирдиктүү базага караштуу жер убактылуу Орусияга пайдаланууга берилген. Ижара акысы жылына төрт жарым миллион доллар жана бул сумма жыл сайын толугу менен Кыргызстандын бюджетине түшүп турат. 

Буга байланыштуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жана Орусиянын Коргоо министрлиги жердин ижара акысын тактоо менен 2012-жылдагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоодорду киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорун даярдаган. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, азыркы учурда «Кант» аэродромунун учуп-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн толук алмаштыруу жана айрым конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болууда - деп айтылат билдирүүдө. Протоколго 2019-жылдын март айында Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында кол коюлган. 

Протоколдун ратификацияланышы жер тилкесинин аянтын жана 4 млн 79 миң доллар өлчөмүндө ижара акысын тактоону бекитүүгө, ошондой эле учуп-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн толук алмаштырып, реконструкциялоого 2 млдр рублдан ашык каражатты сарптоону бекитип берет. Ал төшөлмөлөр гана орус тараптын менчиги болуп эсептелет - деп Башкы штабдан түшүндүрмө беришти. Макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентте 4-июнда биринчи окууда каралат.