Жаңылыктар
Уфа: кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо
Саясат
Уфа: кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо

Бүгүн Орусия Федерациясынын Башкыртстан республикасынын борбору Уфа шаарында кыргыз-орус биргелешкен жыйыны болот. “Евразиялык интеграциянын алкагында аймактардын алакасын өнүктүрүү” - деген аталыштагы иш чара бешинчи жолу уюштурулуп жатат. 

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектеген Кыргызстандык делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтер менен мекеме өкүлдөрү, ишкерлер бар.

 Жыйында Кыргызстандын облустары менен Орусиянын аймактарынын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланат.