Жаңылыктар
Базар-Коргон районунда таза суу тартуу жумуштары жанданды
Аймак
Базар-Коргон районунда таза суу тартуу жумуштары жанданды

Таза суу боюнча быйылкы жылга пландалган жумуштар аягына чыгарылат. Майлуу-Суу шаары, Базар-Коргон району жана башка бир катар аймактарда суу тартуу иштери башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымдады. Майлуу-Суудагы жумуштар келээрки жылдын соңунда бүткөрүлөт. 6 миллион долларлык долбоор Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, каражаттын 70 пайызы грант катары берилген. Жумуш аягына чыкса, Майлуу-Суу шаары толук таза суу менен камсыз болот. Бүгүнкү күндө Базар-Коргон районунун 8 айылында ичүүчү суу тартуу жумуштары жүрүүдө. Ал айылдар республикалык бюджеттен жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

“Таза суу тартуу иштерине каражат булагы ар тараптан болуп жатат. Европа жана Ислам өнүктүрүү банктары тарабынан бир нече долбоор ишке ашууда. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен иш жүрүп жаткан айылдар бар. 2021-жылы Майлуу-Суу шаарындагы таза суу долбоору бүтөт. Буга чейин ал аймакта ичүүчү суу көйгөйү курч болчу”,- деди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов.