Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстандын коңшулук алакасы
Чек ара
Кыргызстан менен Казакстандын коңшулук алакасы

Ал арада Казакстан өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүү киргизмей болууда. Ага ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын жарандары эки өлкөдө каттоосу жок 30 күнгө чейин жүрө алат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин "Новости Казакстан" маалымат агенттиги билдирди. 

Буга чейин Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик кызматы Кыргызстанга келген казак жарандарын каттоосу жок жүрүү тартибин 30 күндөн 5 күнгө чейин кыскартууну сунуштаган болчу. Себеби, Кыргызстандын жарандары Казакстанга барган учурда 5 күн гана каттоосу жок жүрө алчу. 

Учурда тараптар бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Максат ишке ашса, эки мамлекеттин жарандарына аталган өлкөлөрдө каттоосу жок 30 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралган.