Жаңылыктар
Жумгалдагы шамал менен жаандын кесепетинен турак жайлар жабыркады
Аймак
Жумгалдагы шамал менен жаандын кесепетинен турак жайлар жабыркады

Жумгалда турак жайлардын короолорун суу каптады. Алдын ала маалымат боюнча кечээ саат 18:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан үйлөрдүн короолорун суу каптаган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине Жумгал райондук бөлүмдөн 20 куткаруучу жана кошумча айыл аймактан 2 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды. Ошондой эле кечээ кечинде Жалал-Абад шаарында ылдамдыгы секундасына 15-19 метрге жеткен шамал катталып, Көк-Арт кичи районунда жайгашкан №4 көп кабаттуу үйдүн 120 чарчы метр тунукесин жана Курманбек көчөсүндө жайгашкан №14 мектеп-гимназиясынын 160 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок. 

Тогуз-Торо районунда да жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктан суу ашып, Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылында ички чарбалык көпүрөнүн асты жагын суу жеп кеткен. Табылгыты айылында 8 үйдүн жана Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылында 4 турак жайдын короолорун суу каптаган. Тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугун бурушкан, ал эми ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү иш-чаралары бүгүн жүргүзүлөт. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Токой айылында Ала-Бука - Жаны-Базар - Кировка унаа жолунун 18-19-чакырым аралыктарын суу каптап, унаа жолду жана узундугу 2 миң метр сел өтүүчү каналды кум, шагылга толтурган. 2-июнь күнү айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылган күчтөрдүн жардамында сел өтүүчү канал толугу менен тазаланды. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таркаткан.