Жаңылыктар
Жакында кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайы ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Жакында кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайы ишке кирет

Жакында кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 8-июндан тарта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишин эки өлкөнүн жүк ташуучулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. 

«Ал эми аталган көзөмөл-өткөрүү жайынын ачылышы жана иштеп баштоосу боюнча деталдуу маселелер эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан жакынкы күндөрү макулдашылат», - деп айтылат маалыматта.