Жаңылыктар
Бажы кызматы миллион сомдук мыйзамсыз товарларды кармады
Кылмыш
Бажы кызматы миллион сомдук мыйзамсыз товарларды кармады

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 1 млн 82 миң сомдун мыйзамсыз товарларын кармады. “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районуна караштуу Үч-Бай айылында “Volvo” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын чиркегичи менен токтотуп, текшеришкен. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен аткезчилик менен ташылып келе жаткан, жалпы салмагы 11 400 кг кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 582 миң сомду түзөт. 

Мындан сырткары, Ыкчам бажынын кызматкерлери Чек ара кызматынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын адистери менен биргеликте Баткен облусундагы “Жаштык” байкоочу постуна жакын жерде, ЕАЭБдин бажы аймагынан Тажикистандын аймагына мыйзамсыз товар чыгарууга аракет жасоо маалында Кыргызстандын жаранын кармаган. 

Унааны текшерген учурда дары-дармек каражаттары жана алкоголдук продукциялар табылып, товарлар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 500 миң сомдон ашуун. Фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды.