Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Ата ат майданынын оңдолушуна байланыштуу соттук териштирүүдө кылмыш иши боюнча бардык материалдар изилденип бүттү. “Коррупция” беренеси менен козголгон эки кылмыш иш биригип, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүнө алынган.
Тарых музейин реконструкциялоо кандай жүргөнү коомчулукка белгилүү. Долбоорду ишке ашырууда жемкорлук көрүнүшү аныкталып, жооптуу адамдарга кылмыш иши ачылган. Алардын арасында мурдагы президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар. Соттук териштирүү бир жылдан бери уланып келет.