Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун 13 айылында таза суу чыгаруу иштери жүрүүдө
Аймак

Ысык-Көл облусунун 13 айылында таза суу чыгаруу иштери жүрүүдө. Суу чыгаруу иштерине айрым айыл тургундары да өздүк салымдарын кошуп, курулуш жумуштарына катышууда. Мындай ыкма менен учурда эки айыл ичүүчү суу чыгарды. Ал эми калган айылдарда иштер республикалык бюджеттен жана донор уюмдардын каржылоосу менен жасалууда. 

Ак-Суу районунун алыскы айылдарынын бири Ак-Булак айылына быйыл таза суу кирет. Курулуш жумуштары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка жасалууда. 2500 калкы бар Ак-Булак айылында негизги маселе ичүүчү таза суунун жоктугу болчу. Айыл түптөлгөн мезгилден тартып андагы жашоочулар ушул арыктан суу ичишчү. Акыркы жылдары аймакта малдын көбөйүшү менен жайлоодон келген агын сууну пайдалануунун коркунучу жогорулаган.