Жаңылыктар
Өлкөдө айыл чарба экспортунун көлөмү өстү
Аймак
Өлкөдө айыл чарба экспортунун көлөмү өстү

Көп жыл мурун алчанын эрте бышкан түрүнүн көчөтүн тигип, эми анын үзүрүн көрүп жаткан Сузак районунун тургуну Аллаяр Бостонов өндүргөн түшүмүн Россияга экспорттойт. Жыл сайын 100 тоннадан ашуун жөнөтөт. Мөмө бышкан учурда жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. 

Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну Аллаяр Бостонов үй-бүлөсү менен бирге 2001-жылы какырап турган кайрак талаанын 11 гектарына алча көчөтүн тиккен. Башында 5 жарым түп отургузулган. Кийин мөмө дарак жетилген сайын аралыгы суюлтулган. Азыркы учурда 2 жарым миң түп бар. Андан жыл сайын 100 тоннадан ашуун түшүм болот. Мөмө бактын түшүмгө киргенине 10 жылдан ашкан.