Жаңылыктар
Зилалиевге карата "мыйзамсыз баюу" боюнча кылмыш иши каралууда - Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш
Зилалиевге карата "мыйзамсыз баюу" боюнча кылмыш иши каралууда - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши каралып жатат. Бүгүнкү отурумда айыпталуучунун жактоочулары келбегенине байланыштуу соттук отурум 10-июнга жылды. 

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “Мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.