Жаңылыктар
Өлкөдөгү диний мекемелер 8-июндан тарта ишин жандантат - Кыргызстан жаңылыктары
Дин
Өлкөдөгү диний мекемелер 8-июндан тарта ишин жандантат - Кыргызстан жаңылыктары

8-июндан тарта өлкөдөгү диний мекемелер: мечиттер, чиркөө жана намазканалар ишин жандантат. Мындай чечимди муфтият менен сүйлөшкөндөн кийин Республикалык штаб кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүдө аталган жайларга келген элдин санитардык чектөөлөрдү сактоосу шарт экени айтылды. Бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек. Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертип, санитардык-гигиеналык нормаларды аткаруу, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз бет кап тагынуу зарылдыгын белгилейт.