Жаңылыктар
ӨКМ: Токтогулда сел жүрүп, бир нече үйдү суу каптады - Кыргызстан жаңылыктары
Кырсык
ӨКМ: Токтогулда сел жүрүп, бир нече үйдү суу каптады - Кыргызстан жаңылыктары

Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагынын Кутунай тилкесинде кечээ кечинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир нече үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Кутунай тилкесинин Жүдөмүшев көчөсүндө жайгашкан 4 турак жайдын ичин, 2 сарайды жана 15 үйдүн бакчасын суу каптаган. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.