Жаңылыктар
Өлкө башчысы дарыгер Альберт Исмаиловдун жакындарына көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө башчысы дарыгер Альберт Исмаиловдун жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты. «Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. 

Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медицина кызматкери каза болду. Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта биздин дарыгерлерибиз жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп жатышат. Тилекке каршы, биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык», — деди Мамлекет башчысы. Сооронбай Жээнбеков Альберт Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткарган, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп берген, өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын баса белгиледи. 

«Альберт Исмаиловдун элеси кесиптештеринин, бейтаптарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөм», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков. 59 жаштагы фтизиатр дарыгер Альберт Исмаилов апрель айынан бери пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып, дарылоо жүргүзүп келген. Кийин өзү ооруга кабылып, абалы оорлошуп кеткендиктен, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жана дарыгерлердин көргөн аракетине карабай каза болду.