Жаңылыктар
Туристтик мезгилге ылайык, Чолпон-Атада вирусологиялык лаборатория иштейт
Туризм
Туристтик мезгилге ылайык, Чолпон-Атада вирусологиялык лаборатория иштейт

Туристтик мезгилдин башталышына байланыштуу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында вирусологиялык лаборатория ачылат. 

Бул багытта даярдыктар жүрүп жатканын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады. Эс алуучулар жана жергиликтүү тургундар арасында инфекцияга шектенүү болсо, ошол лабораторияга анализ тапшыра алышат. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги санитардык нормалар жана башка сактык эрежелерин иштеп чыкты. Эске салсак, Кыргызстанда 1-июндан тарта эс алуу үйлөрү, пансионаттар жана тарыхый жайлар туристтерге эшигин ачты.