Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга даярданып жатат. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.
"Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон жок. Жоопкерчиликти талап кылган маанилүү иш-чарага күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып алынган. Санитардык талаптарды сактоо менен параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышты", — деп айтылат маалыматта.
Парадга катышуу боюнча Россиянын коргоо министринин экинчи чакыруусу келген. Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген. Москадагы парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтөрү айтылган. Аскерлер Москва шаарына баруунун алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат.
Гвардиячылар Россиянын борборуна баргандан кийин парадга катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат. Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл Аянттагы юбилейлик парадга ушуну менен экинчи жолу катышат.