Жаңылыктар
Назарбаев кыргыз картошкасын казак тарапка киргизүү тууралуу атайын тапшырма берди
Экономика
Назарбаев кыргыз картошкасын казак тарапка киргизүү тууралуу атайын тапшырма берди

31-майда Астана шаарында болгон саммиттин жүрүшүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчү менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, кыргыз картошкасын  казак тарапка киргизүү тууралуу  атайын тапшырма берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга жасаган иш-сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатып  билдирди. Эске салсак,  4-майдан тарта казак тарап  картошканы экспортоого карата тыюу салган. Буга картошкадан нематод ылаңы чыкканы себеп болгон болчу.

Эске салсак, 31-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Астанада өткөн жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык биримдик алкагында жетишкендиктер менен катар эле тоскоолдуктар дагы орун алып жатканын өз сөзүндө баса  белгилеген. Кыргыз-казак чек –арасындагы көйгөйлөрдү козгогон мамлекет башчы, өлкөлөр арасындагы тоскоолдуктарга өзгөчө кайрылган.