Жаңылыктар
Оор жүк ташуучу унаалар кыргыз-казак чек арасынан кыйынчылык менен өтүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара
Оор жүк ташуучу унаалар кыргыз-казак чек арасынан кыйынчылык менен өтүүдө - Кыргызстан жаңылыктары

Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду. Казак тараптын унааларды узак убакытка чейин текшерүүсүнө эмне себеп болууда жана бул маселе качан чечилет?

Чек араны кесип өтүү, документтерди текшерүү, медициналык кароодон өтүү жүк ташуучулардын 15-20 мүнөттүк убактысын алып жатат. Андан ары оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары белгиленген каттамы менен жол тартат. Бул Кыргызстанга кирип жаткан унааларга тийиштүү. Бирок Казакстандын чек арасына кирүү айдоочуларга татаал болууда. 

Мындан улам чек аранын Кыргызстан тарабында оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Мындай кезек кеминде 8 чакырымга жакын. Айдоочулар бир нече сутка турууга аргасыз болуп жатканын айтышат. 

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз-казак чек ара жайында турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан кабар алды. Вице-премьер-министр Кыргызстан тараптан унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатканына күбө болду.