Жаңылыктар
9-июнга белгиленген сот отурумунда Сапар Исаков акыркы сөзүн айтат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
9-июнга белгиленген сот отурумунда Сапар Исаков акыркы сөзүн айтат - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иштерине байланыштуу сот отуруму өттү. 

Айыпталуучулар — мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен мурунку президенттик аппараттын Жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаева. Сот отуруму судья Марат Сыдыковдун жетекчилигинде өттү. Мамлекеттик айыптоочулар Исаковду Кылмыш-жаза кодексиндеги "коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратып, ошондой эле 247 млн сомдон ашык айып пул төлөөгө милдеттендирүүнү сурашты. 20 жылга Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча соттолгон мөөнөт да кирет. 

Ал эми прокурорлор Карыбаеваны Кылмыш-жаза кодексиндеги "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салууну суранышты. Жарыш сөздө Исаковдун эки жактоочусу сөз сүйлөдү. Жактоочу Бакытбек Автадил уулу дагы эки жактоочу сөз сүйлөбөгөнүн айтып, жарыш сөздү жылдырууну сурады. Судья өтүнүчтү канааттандырып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына Исаков сот отурумуна жеткирүү боюнча кат жолдой турганын билдирди. Кийинки отурумда Исаков акыркы сөзүн айтат. Отурум 9-июнга белгиленди.